Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, ар кандай кырсыктын алдын алуу максатында Жалал-Абад – Казарман жолу жабылды. Маалыматта айтылгандай, аталган жол жыл сайын жазга чейин жабылат. Адатта күн кескин бузулган учурда жабылуучу Чаткал – Каныш-Кыя, Кара-Кулжа – Алайкуу жолдору ачык, унаа жүрүп жатат деп билдиришти министрликтин оперативдүү кызматынын “Азаттыкка”.(ZKo)