Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Жалил Садыков дүйнө салды


21-октябрда 78 жашында эл акыны, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалал Садыков дүйнө салды. Акын менен коштошуу зыйнаты 23-октябрда Бишкектеги Опера жана балет театрында болот.

Акын Ж.Садыков 1932-жылы 23-октябрда жарык дүйнөгө келген.

Ж.Садыковдун «Убада» аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган. Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү» ж. б. драмалары ар кыл театрларда коюлган. «Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн Ж.Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Ж.Садыков чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын «Рубаилерин», Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченконун, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын которгон. Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулду, драмалык чыгармалары чет өлкөнүн элет, шаарларындагы сахналарга коюлуп келет. 1958-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Ж.Садыков Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору. Кыргыз Республикасынын эл депутаты болгон. Ж.Садыковго «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Эл акыны» наамдары ыйгарылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG