Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Аба ырайы: үшүк жүрүшү уланат


Кыргыз гидрометеорология борборунун шашылыш эскертүүсүнө караганда, 23-24-октябрда Кыргызстандын аймагында -1...-6 градуска жеткен суук уланып, үшүк жүрөт. Бул казылып алынып, бирок жабылбаган кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. Эртең 23-октябрда жалпы республика боюнча дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Ысык-Көл дубанынын айрым жерлеринде гана жаан-чачын күтүлөт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Ысык-Көл жана Талас облустарында түнкүсүн -1...-6 даража суук, күндүзү 3...8 даража жылуу болот. Сары-Өзөн-Чүйдө түнкүсүн ушундай эле суук күтүлөт, күндүзү абанын температурасы 5...10 даражага көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн 0...-2 даража суук, күндүзү 8..13 градус жылуу болот. Баткенде түнкүсүн суук -5 градуска чейин жетет, күндүзү 7...12 даража жылуу болот. Нарында -2...-7 градус суук болуп, күндүз 2...7 даражага жылыйт. Тоолордо түнкүсүн суук -18...-23 градуска чейин чыгат, ал эми күндүз -2...-7 даража суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы – түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...9 даража жылуу болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG