Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Исхак Раззаковду эскерүүлөр болуп жатат


Коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чарасы бүгүн И. Арабаев атындагы КМУда болуп өттү. “Улуу кеменгер” деген аталышта болгон иш-чарага И. Раззаковдун замандаштары, жаш муун өкүлдөрү анын Кыргызстанды мамлекет катары өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти. Илимий иш-чаранын катышуучулары Исхак Раззаковго мамлекет тарабынан Баатыр наамын берүү демилгеси көтөрүлүп, бул тууралуу өкмөткө жана Жогорку Кеңешке сунушталмакчы болду. Бул тууралуу И. Арабаев атындагы окуу жайдан “Азаттыкка” маалымдашты.

Ушул эле күнү Баткендин Сүлүктү шаарындагы гуманитардык экономикалык институтунда да “И. Раззаковдун саясий ишмердүүлүгү жана азыркы мамлекеттик саясат” аттуу илимий жыйын өттү. Ага облус губернатору баш болуп, аким-мэрлер, илимий жаатта алектенгендер катышып, Исхак Раззаковдун өлкөнү жетектеп турган учурдагы мамлекетти башкаруу, учурдагы саясий абал тууралуу баяндамал жасалды.

25-октябрда коомдук саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 100 жылдыгы мамлекеттик денгээлде белигениши жыл башында айтылган болчу. Бирок өлкөдөгү түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу бул күнгө мамлекеттик денгээлде иш чара белгиленбей калды. Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. (JsA; ZKo)

XS
SM
MD
LG