Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Люстрация жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу маселеси талкууда


Бишкектеги Тарых музейинде өтүп жаткан талкууга президенттин саясий маселелери боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жана “Люстрация” коомдук уюмунун мүчөлөрү катышууда. Талкууда бул мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Апрель окуяларынан кийин өлкөгө Люстрация мыйзамын киргизип, коомду "акаевчил", "бакиевчил" паракорлордон тазалоо демилгесин Топчубек Тургуналиев көтөрүп чыккан. Акыйкатчы Турсунбек Акун люстрация жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулуктун кээ бир катмарынын укуктарын бузарын жана Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келерин билдирген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG