Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кызыл-Кыяда милиционерлерди өлтүргөн деп шектелгендер кармалды


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Майрамбек Таштановдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча милиционерлерди өлтүргөн деп шектелгендер жана алардын жардамчылары деген шек менен алты киши кармалды. Алар Сузак районунун аймагынан кармалышкан.

27-октябрь күнү Кызыл-Кыяда белгисиз бирөөлөр шаардык кайгуул-күзөт кызматкерлерине ок ачышкан. Натыйжада эки милиционер: Гуламжан Бердалиев менен Кылыч Исманов набыт болуп, дагы бири – Мухаммедибрахим Атаназаров оор жаракат алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG