Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

БШК дагы 8 шайлоо бекетинде добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн кечки отурумунда Ош шаарындагы № 5290, № 5301 жана № 5558, Орусиянын Железнодорожный шаарындагы № 003, Екатеринбургдагы № 010 жана № 011, Омск шаарындагы № 013 жана Тюмендеги № 014 шайлоо бекеттеринде берилген добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аталган бекеттерде добуш берүү учунда мыйзам бузуулар болгондугу үчүн кабыл алынды. Ош шаарындагы шайлоо бекеттеринде бир эле адамдын бир нече добуш берүүчү үчүн кол койгону экспертизада аныкталып, № 5290 шайлоо бекетинде документсиз добуш берген учурлар белгилүү болгон. Орусиядагы шайлоо бекеттеринде да бир адам бир нече жолу кол коюп, жалпы жарандык тышкы паспорт менен гана кошумча тизмеге кирген учурлар катталган. Бул мыйзам бузууларга жол бергендерге карата тиешелүү чара көрүү үчүн БШК токтомун Башкы прокуратурага жөнөтөрү маалым болду.

Буга чейин Өзгөн районундагы эки, Кыргызстандан чет жакта жайгашкан 13 шайлоо участогунун добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG