Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Аргентина мурдагы президенти менен коштошту


Аргентинада мурдагы президент Нестор Киршнердин сөөгү жерге берилди. Аны менен коштошууга Буэнос Айреске он миңдеген адам, анын ичинде коңшу өлкөлөрдүн лидерлери келишти. Нестор Киршнер шаршембиде 60 жашында инфаркттан көз жумган. Ал Аргентинаны 2003-2007-жылдары башкарып келген. Киршнер өлкөнү экономикалык кризистен чыгарган жетекчи катары белгилүү. Анын бийликтеги ордун жубайы Кристина Фернандес де Киршнер баскан.

XS
SM
MD
LG