Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Төмөнкү Чүй айылындагы болгон чыр тынчтык жолу менен чечилди


"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, бүгүн айылдын мечитине жүзгө чукул жергиликтүү тургундар чогулду. Алар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери жана Кыргызстандын муфтийинин жардамчысы Мухамбет Хабибулла жолукту. Жыйналышта алар кечээки жол талаштан чыккан чырды тынчтык жолу менен басууга, аны улуттар аралык чырга айлантпоого чакырышты. Кечээ чатак чыккан учурда жарат алып ооруканада жаткан Сабилла Гапаровдун аялы Шарапат Гапарованын айтымында, анын жолдошун урган балдардын үй-бүлөлөрү аларга жардам берерин билдиришкен. Буга байланыштуу Шарапат Гапарова тынчтык үчүн берген арызын кайтарып алгандыгын билдирди. Жыйналышта эки күндөн кийин айыл аксакалдары айыл жаштары менен жолугуп, ынтымакка чакырган иш- чара уюштурарын билдиришти.

Төмөнкү Чүй төрт бригададан турган көп улуттуу айыл болуп саналат. Анда Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген этникалык кыргыздар, орус жана кавказ улутундагы жарандар отурукташкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG