Ага атайын кызматтар да тартылды. Операцияга катышкандар Ибрагим ал-Асири аттуу адамды, ага кошо радикалдуу мусулман динаятчысы Анвар ал-Авлакини издеп жатышат. Булардын биринчиси АКШга жакында почта аркылуу жарылма дүрмөт жөнөткөн деп шектелүүдө, экинчиси Сауд Арапстанда террорчулардын тизмесинде сап башында турат. Аны "Ал-Каида" менен тыгыз байланышы бар жана мусулмандарды чет өлкөлүктөрдүн көзүн тазалаганга тукургандардын бири деп эсептешет.