Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Багдаддагы удаа жардыруулардан 60тан ашуун киши каза тапты


Алардан тышкары дагы 200дөй киши жарадар болгону кабарланды. Координациялангандай көрүнгөн жардырууларда шаардын шийиттер жашаган аймактары бутага алынгандай. Бери дегенде 10дой унаа жана жол боюна көмүлгөн бомбалар жарылган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, жарылуулар эл көп жүргөн жерлерде, анын ичинде кафелер менен ресторандардын жанында болду. Багдаддын губернатору Саллах Абдул Раззак жардырууларды "ырайымсыз кылмыш" деп атады. АКШ жардырууларды айыптады. Кечээги кандуу окуялардын алдында, ушул жекшемби күнү коопсуздук күчтөрү католик чиркөөсүндө согушкерлердин барымтасында калгандарды бошотуу учурунда 50дөн ашуун адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG