Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Бүгүн Таш-Көмүрдө А. Аскаровдун соту уланат


25-октябрдагы соттук териштирүүдө укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган алты айыпталуучу жана айрым күбөлөр, жабырлануучулар көрсөтмө беришкен. А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Райондук соттун чечимин айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. Азыр ишти Жалал-Абад облустук сот карап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG