Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

СМСтер боюнча телекөрүүчүлөр айрым телеканалдарды сындады


Бүгүн айрым телекөрүүчүлөр жана ата-энелер тобу ЭлТР, НБТ жана “Манас жаңырыгы” телеканалдарындагы кыска билдирүүлөрдүн (СМС) мазмуну боюнча кайрылуу жасашты. Анда СМС жазышуулардын мазмуну жана маданий деңгээли өтө төмөн экени айтылат. “Ошондуктан уятсыз жана маданиятсыз билдирүүлөрдүн мазмунун өзгөртүүгө аракеттенүүнү талап кылабыз”, деп айтылат кайрылууда. ЭлТР телеканалынын жетекчиси Шайыр Абдрахманов “Азаттыкка” бул кайрылууда аталган телеканалдын кошо айтылышына таң калып жатканын айтты. “Бизде көбүнчө салам жолдогон, каалоо-тилек айтылган СМС билдирүүлөр кетет. Одоно, маданиятсыз билдирүүлөргө катуу тыюу салынган жана СМСтердин мазмуну дайыма көзөмөлдө турат”, - дейт Ш. Абдрахманов. (EBM)

XS
SM
MD
LG