Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Казакстанда дагы бир оппозиционер президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Алтымыш бир жаштагы Жасарал Куанышалин мындай ниетин кечээ Алматыдагы пресс-коференция учурунда билдирди. Ал - “Жаша Азаттык” деген коомдук кыймылдын төрагасы. Буга чейин алдыдагы президенттик шайлоого катышарын каттоодон өтпөгөн “Алга” оппозициячыл партиясынын лидери Владимир Козлов жарыялаган эле. Жасарал Куанышалиндин айтымында, эгер президенттик шайлоо койо берилишсе, Владимир Козлов экөөсү атаандашпастан өнөктүктү саясий шерик катары өткөрүшөт. Убагы келгенде мүмкүнчүлүгү азыраагы көбүрөгүнө жол бошотот. 2012- жылкы шайлооого азыркы президент Нурсултан Назарбаев да катышарын сентябрь айында анын жакын кеңешчилеринин бири билдирген.

XS
SM
MD
LG