Кабулдагы демонстрациянын катышуучулары 18-сентябрдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Ал шайлоонун жыйынтыгы алигиче жарыялана элек. Шайлоо көптөгөн эреже, мыйзам бузуулар менен өткөндүгү айтылган. Көз карандысыз Шайлоо комиссиясы берилген добуштардын төрттөн бирин жокко чыгарган. Анын аралыгында бул комиссиянын өзү коррупция иштери боюнча тергөөдө. Демонстранттар президент Хамид Карзайдын ак сарайынын жана Бириккен Улуттардын штаб-квартирасынын жанынан өтүштү.