Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Роза Отунбаева парламент эртең биринчи отурумга чогулаарын айтты


Президент Роза Отунбаева Кыргыз радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары эртең, 9-ноябрда биринчи отурумун өткөрөөрүн билдирүү менен бийлик депутаттарга мандат берүүнү атайлап создуктуруп жатат деген дооматтарды четке какты. "Жогорку Кеңештин иши шайлоо жыйынтыгы боюнча сот процесстеринин айынан жана парламентке өткөн партиялардын өздөрүндө тизме боюнча тактоолор жүрүп жаткандыктан кечеңдеп жатат", - дейт Р. Отунбаева.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынан парламент эртең чогулаары тууралуу маалыматты "Азаттыкка" тастыкташкан жок. БШК буга чейин сот процесстери аяктамайынча парламент ишин баштай албасын билдирген болчу. Жогорку Соттун маалымдашынча, шайлоого байланыштуу 10 арыз түшкөн. Алардын ичинен төрт арыз каралып, канааттандырбоо тууралуу чечим чыгарылган. Биринчи май райондук соту 9-10-ноябрда “Бүтүн Кыргызстан” “Акыйкат” жана “Жашасын Кыргызстан” партияларынын шайлоо боюнча арызын карамакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG