Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 09:25

Апрель окуялары боюнча сот 15-ноябрда өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Cот процесси 25-октябрда Бишкектеги Спорт ордосунда башталмак эле. Бирок уюштуруу иштеринин начар даярдыгынан улам белгисиз мөөнөткө артка жылдырылган. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров кызыкдар тараптардын баарынын катышуусунда сот процессин ачык-айкын өткөрүү үчүн атайын Спорт ордосу тандалып алынганын билдирген. 7-апрелде 87 адам курман болуп, миңден ашууну жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG