Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Иран менен сүйлөшүүлөр Түркияда өтөт


Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү ноябрдын этегинде же декабрдын башында Түркияда өткөрүүнү сунуш кылды. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштондун басма сөз катчысы маалымдагандай, бул сунуш 6 державанын өкүлдөрү менен талкууланат. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши, АКШ жана Европа биримдиги Иранга каршы санкциялардын жаңы тобун киргизгенден бери сүйлөшүүлөр токтоп калган. Расмий Тегеран анын программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн ырастап, уран байытуудан баш тартуу талабына көнбөй келатат. Сүйлөшүүлөргө АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия жана Франция катышууда.

XS
SM
MD
LG