Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Ноокенде укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту башталды


4-ноябрдагы соттук териштирүүдө Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев жабырлануучу катары, УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы, коопсуздук кызматынын 3 оперативдүү кызматкери жана окуяны алгач териштирген тергөөчү көрсөтмө берген. А. Аскаров милиция кызматкерин өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Укук коргоочу өзүнө коюлган дооматтарды четке кагууда. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Азыр ишти Жалал-Абад облустук соту карап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG