Азербайжандын Жогорку Соту оппозициялык журналист Эйнулла Фатуллаевге чыгарлыган бир нече сот өкүмдү жокко чыгарды. 2007-жылы журналист жала жабуу, терроризм коркунучун жаратуу жана башка клымыштар үчүн айыпталып 8 жарым жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле маалда Жогорку Сот маңзаттарын мыйзамсыз сактоо деген беренелер боюнча өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, Фатуллаев 2 жарым жыл түрмөдө өтөөгө тийиш. Буга чейин Европанын адам укуктары боюнча соту журналистке чыгарылган өкүмдөрдү мыйзамсыз деп атап, аны бошотууну талап кылган.