Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Казакстан АКШга аба мейкиндигин дагы кеңейтти


Кошмо Штаттар Казакстан менен жаңы транзиттик аба каттамын ачуу жөнүндө келишим түздү. Авиакаттам Ооган жеринде талиптерге жана башка экстремисттик күчтөргө каршы согушуп жаткан АКШ аскерлерин зарыл заттар менен камсыздоого пайдаланылат. Жаңы келишим АКШ-Казакстан ортосундагы 2001-жылкы келишимдин мазмунун бир кыйла кеңейтти. Астана жаңы келишим аркылуу “Ооганстандагы экстремизмди жеңүүгө, Ооганстандагы жана региондогу коопсуздукка баасыз салым кошот,”-деп билдирди Мамдепартамент. АКШ тараптын айтымында, жума күнү Вашингтондо кол коюлган келишимге ылайык, Казакстандын аба мейкиндиги аскерий жана коммерциялык учактар үчүн пайдаланылат; ошондой эле убакытты жана күйүүчү майды үнөмдөйт.

XS
SM
MD
LG