АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы Дэвид Петреус президент Хамид Карзайдын комментарийине нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу "Вашингтон пост" гезити жазып чыкты. Генерал Ооган лидеринин америкалык стратегияны сындашы согуштук операцияга залакасын тийгизиши ыктымал деп эскертти. Петреустун айтымында, Карзайдын согуштук аракеттерди кыскартуу чакырыгы аны өтө таң калтырды. Жекшембиде басылган интервьюда президент ошондой эле америкалык аскерлер оогандардын үйлөрүнө түнкү рейддерди токтотууга тийиш деген пикирин ортого салып, мындай иш-чаралар катардагы оогандарды козголоңчулардын катарына түртүүдө деген. Бир нече күндөн кийин НАТОнун саммитинде лидерлер Ооганстандагы коопсузудукту камсыздоо вазийпасын жергиликтүү аскерлерге өктөрүп берүүнүн мөөнөтүн талкуулашмакчы.