Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Польшанын коомдук жайларында тамекиге тыюу салынды


Польшанын көпчүлүк коомдук жайларында бүгүн чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирүүдө. Оорукана, окуу жайлары, спорт клубдарында тамеки тартууга таптакыр болбойт. Ал эми ресторан жана көңүл ачуучу жайларда тамеки чеккендер үчүн атайын бөлмө болууга тийиш. Мыйзамды бузгандар 174 доллар айыпка жыгылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, Польшада чылым чеккендердин саны 10 миллиондой кишини түзөт, башкача айтканда, ар бир төртүнчү адам бул жаман өнөкөткө кабылган.

XS
SM
MD
LG