Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Орусия шектүү курал сатуучунун экстрадициясын айыптады


Орусиялык курал аткезчиси деп шектелген адамдын Таиланддан АКШга өткөрүлүшүн орус өкмөтү "мыйзамсыз" деп мүнөздөдү. "Виктор Бутту АКШга чыгарып берүү менен Таиланддын өкмөтү Вашингтондун "болуп көрбөгөн кысымына" туруштук бере алган жок" деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө. Виктор Буттун адвокаты Лак Нитти Ваттана Вичан бүгүн кабарчыларга Бутту алып кетишкенин билдирди:

- Алар аны мындан 10 мүнөт мурда унаага салып, аэропортко алып кеткендиги бышыкталды.

АКШнын "1990-жылдардан бери Африка, Түштүк Америка, Жакынкы Чыгыштагы диктаторлорго жана террордук топторго курал ташыган" деген айыптоосун Виктор Бут мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG