Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Cасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат


Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаганы боюнча сасык тумоонун алдын алуучу 21 800 даана “Гриппол плюс” дарысы Орусиядан алынып келинди. Вакцина учурда сасык тумоого каршы тура албаган топторго, алардын ичинде оорулар менен үзгүлтүксүз иштеген дарыгерлерге да берилүүдө. Сасык тумоого каршы эмдөө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, медициналык түйүндөрдө акысыз жүргүзүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы тогуз ай ичинде өлкөдө сасык тумоо жуктурган 94 724 киши медициналык жардамга кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG