Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Мамлекеттик айыптоо: Жаныш Бакиев ок атууга буйрук берген


Спорт сарайында өтүп жаткан сотто мамлекеттик айыптоочу экс-президенттин иниси, мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку жетекчиси Жаныш Бакиев 7-апрель күнү рация аркылуу “Альфа” атайын кызматынын жана мамлекеттик күзөт кызматкерлерине куралсыз элге ок аткыла деп буйрук берген деп маалымдады. Мындан тышкары Жаныш Бакиев өзүнүн орун басарлары Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунганов менен бирге көзгө атар топтун ишине жетекчилик кылгандыгы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганы айтылды.

Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө берген көрсөтмөлөрүндө жана айрым маалымат каражаттарына берген маектеринде 7-апрель күнү Өкмөт үйүнө чабуул койгон топтун арасында куралчан кишилер бар болгонун айтып келишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG