Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ар-Намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, баш тартуу тууралуу партия лидери Феликс Куловдун расмий каты бүгүн эртең менен Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевге тапшырылды. Анда Ф. Кулов А. Атамбаев сунуштаган шартта коалицияга кирүү мүмкүн эместигин белгилеген. Буга чейин “Ар-Намыс” партиясы коалицияга кирүү үчүн өкмөттү сурап жаткан эле. КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов "арнамысчыларга" өкмөт куроону эч ким бербей турганын айткан. (EBM)