Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Кытай корей кризисине тынчсызданат


Ырасмий Пекин жарым аралдагы "тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бүлүнтө турган ар кандай кадамга каршы",-деп айтылат Кытай тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө. Документте АКШ менен Түштүк Кореянын ушул аптанын этегинде башталганы жаткан аскер-деңиз машыгууларына камтамачылык айтылат. Түштүк Корея алдыдагы аскерий көнүкмөлөр Сэул менен анын союздаштары Пхеняндын жаңы тукуруктарына даяр экенин көрсөтүү үчүн жасалып жатканын кабарлады. Өлкөдө коопсуздук режими күчөтүлдү. Шейшемби күнү Түндүк Корея түштүктөгү коңшусуна караган аралдардын бирин артиллериядан аткылап, төрт киши набыт кетип, он сегиз киши жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG