Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Апрель окуясы боюнча сотто жабырлануучулардын көрсөтмөсү уланат


Кечээки соттук отурумда жабырлануучулардын беш-алтоосу гана көрсөтмө берүүгө үлгүргөн. Ошондой эле айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчү менен сот ишинин күн тартиби кайра каралат. Айрым адвокаттар ишти убактылуу токтото турууну кечээ сотко төрагалык кылган Жакыпбек Бектемировдон суранышкан. Буга чейин сот иши жумасына төрт жолу өтөөрү макулдашылган.

Сот отурумуна 526 адам милдетүү түрдө катышуусу керек. Андан сырктары коомдук жактоочулар, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, эки тараптын тең жактоочулары процесске катышууда. Апрель окуясы боюнча 28 адамга айып тагылган.

XS
SM
MD
LG