Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жалал-Абад: Бакиевдер тарабынан уюштурулган топтун бир мүчөсү кармалды


Жалал-Абад облустук Ички иштер баршкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Сусунбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 26-ноябрдын түнү Санжар Бакиев тарабынан түзүлгөн топтун мүчөсү, мурда издөөдө жүргөн 29 жаштагы Сейитмурат Мурзакматов кармалды. Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 15-апрелине чейин Сузак районунун Тейит айылында мыйзамсыз түрдө Бакиевдер тарабынан түзүлгөн куралдуу топтун курамында өлкөнү түндүк жана түштүк аймактарга бөлүүгө аракет жасап, 13-майдадагы Жалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдында массалык тартип бузууларга, 14-майдагы киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен издөөдө жүргөн. Азыркы кезде Сейитмурат Мурзакматов Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармап туруу жайына камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев 13-14-майда массалык башаламандык уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган жана бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөткөн деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG