Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы өттү


Дем алыш күндөрү Социал-демократтар, "Республика" жана "Ата Мекен" партияларынын коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнүн соңку айлампасы өттү. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын маалымат кызматы билдирди. Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев жана "Республиканын" жетекчиси Өмүрбек Бабанов келишим долбоорун жактырышып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол коюу үчүн беришкен. Документке болочок өкмөттүн структурасы жана программасы боюнча долбоор да камтылган. Ага ылайык, Атамбаевдин талапкерлиги премьер-министрликке, Бабанов - биринчи вице-премьер, ал эми Текебаев – парламнет спикерилигине сунушталууда.
"Ата Мекен" өз жообун эртең берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG