Коалиция түзүлгөнү тууралуу ырасмий жарыялана турчу Жогорку Кеңештин жыйыны бүгүн болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Коалиция түзүү боюнча келишим долбооруна КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” фракциялары кол коюшту. Эми парламент менен өкмөттүн структурасы, программасы жана курамы камтылган алты тиркемеден турган коалициялык келишим Жогорку Кеңештин жыйынында жарыяланмакчы. Коалициялык келишим боюнча КСДП лидери Алмазбек Атамбаев премьер-министр, “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр, ал эми “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттин төрагасы болмокчу. (IJz)