Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Парламент ишин баштады


Парламенттин бүгүнкү отуруму депутаттар Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров жана Болот Шердин ант берүүсү менен башталды.

Андан кийин Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаев парламенттин бүгүнкү күн тартибине өкмөт курамын түзүү боюнча маселени киргизүүнү сунуш кылды. Ал эми “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Ташиев июнь окуясын иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Учурда депутаттар кайсы маселе маанилүүлүгүн талашып, күн тартибине коюлуучу маселени талкуулап жатышат.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодо беш партия: “Ата Журт”, Социал-демократиялык партиясы, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” алдыга озуп чыккан. Жогорку Кеңеш алгачкы отурумун 10-ноябрда өткөргөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG