Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

"Азаттыктын" кабарчысы жылдын мыкты теле алып баруучусу болду


"Супер-инфо" гезити жылдын мыктыларын аныктады. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ар тармактан тандалган жылдын мыктыларына сыйлыктар тапшырылат. "Супер-инфо" гезити өзүнүн интернет сайтында сурамжылоо жүргүзүп, бир жыл бою саясат, бизнес, мода жана башка бир катар тармактагы мыкты адамдарды иргеген. Мунун натыйжасында "Азаттыктын" кабарчысы Жанарбек Акаев "Жылдын мыкты теле алып баруучусу" номинациясында биринчи орунга чыкты.

Аталган гезит акыркы беш жылдан бери жыл адамдарын аныктап келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG