Тажикстандагы террордук иштерде шектелген Абдулвосит Латипов Челябинск областында кармалганын "Азаттыктын" орус жана тажик кызматтары кабарлашты. Латипов Орусияда башка ысым менен 2004-жылдан бери жашап келген. Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы ФСБ аны 43 кишинин өмүрү кыйылган 25 террордук иштерди уюштуруп, ишке ашырган террордук топтун анабашы деп мүнөздөдү. ФСБ маалыматына ылайык. өлтүрүлгөндөрдүн арасында Тажикстанда турган 18 орус офицери жана Тажикстандын баш прокурору Нурулло Кудайдуллоев болгон. Бул кылмыштар 1990-жылдары катталган. Тажикстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Махмадулло Ассадулов тажик өкмөтү Латиповду киши өлтүрүү, барымтага алуу, каракчылык жана башка оор кылмыштар боюнча Орусиянын чыгарып берүүсүн күтүп келгенин билдирди. 1992-97-жылдардагы Тажикстандагы ички согуштун мезгилинде өкмөттүк аскерлер менен согушкан исламдык оппозициянын жол башчысы Хожи Акбар Туражонзоде Латиповду кылмышкер эмес, Бириккен Тажик оппозициянын согушкерлери болгондугун, ал дагы 5000 киши менен кошо 1999-жылы мунаса алгандыгын билдирди.