Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кайра козгоо талап кылынды


Бул тууралуу бүгүн Медет Садыркуловдун элесине арналган “Багынбай кетти” деп аталган китептин бет ачарында айтылды. Китептин авторлорунун бири Каныбек Иманалиев мурдагы бийликтин тушунда саясий буйрутма менен киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кайра козгоо – азыркы бийликтин милдети болуп эсептелээрин белгиледи.

Медет Садыркулов 2006-2009-жылдары президенттик администрация башчысынын орун басары, президенттик администрация башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын башында кызматынан бошотулган. 2009-жылы 13-мартта белгисиз бирөөлөрдүн колунан каза тапкан. Айрым талдоочулар М. Садыркулов ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу саясатына каршы чыкканы үчүн куугунтукталып, курмандыкка чабылганын айтып келишет. Ички иштер министрлиги М. Садыркулов Аламүдүн капчыгайында автокырсыктын курмандыгы болгонун расмий жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG