Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Санжар Бакиевге байланыштуу соттук териштирүү дүйшөмбүдө болот


Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, сотто Санжар Бакиевге чыгарылган өкүмгө каяша арыз каралат. Ишти Чүй облустук сотунун кылмыш иштерди кароочу коллегиясы карайт. Мурдагы президенттин бир тууганынын уулу Санжар Бакиев массалык башаламандык уюштурган, мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар, бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн, бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып, камакка алынган.

Бишкек гарнизондук аскердик соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн 2-ноябрда чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG