Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Орусия: Ходорковскийдин экинчи иши боюнча сот өкүмү угузула баштайт


Өкүмдү Москванын Хамовниченск райондук соту чыгармакчы. Өкүмдү окуу жараяны документтер көп болгондуктан төрт күнгө созулары күтүлүүдө. ЮКОС мунай компаниясынын учурда биринчи кылмыш иши боюнча сегиз жылдык түрмө жазасын өтөп жатышкан мурдагы ээлери: Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев ири өлчөмдө мунай уурдаган, мыйзамсыз табылган кирешени легалдаштырышкан деп айыпталууда.

Прокурорлор алардын ар бирин азыркы өтүп жаткан жазасын кошкондо 14 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Эгер сот прокурорлорду колдосо, Михаил Ходорковский жана анын шериги абактан 2017-жылы гана чыгат.

Кечээ Москвада жана Екатеринбургда аларды актоону талап кылган нааразылык акциялары өттү. Ходорковский менен Лебедев үчүн соттун адилет өкүмүн камсыз кылууга чакырган катты кечээ орус президенти Дмитрий Медведевге Орусиянын белгилүү рок музыканттары жолдошту.

Орусиянын азыркы премьер-министри Владимир Путиндин катаал сынчысы катары эсептелген Михаил Ходорковскийдин жакточулары азыркы жараянды жакындап келе жаткан 2012-жылкы президенттик шайлоо алдында да аны абакта кармоону көздөгөн саясий сот деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG