Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Жогорку Кеңеште бирдиктүү комитет түзүлдү


Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамын, структурасын, программасын жана премьер-министрдин талапкерлигин кароо боюнча бирдиктүү комитет түзүлдү. Аталган комитет Жогорку Кеңештин бардык депутаттарын ичине камтыйт. Аталган комитетти түзүүгө 98 депутат “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип, эки депутат добуш берген жок.

Комитет төрагасы болуп болуп “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев, анын орун басары болуп КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкина шайланды. Ушул тапта бирдиктүү комитет өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын талкуулоо үчүн тыныгууга чыгышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG