Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Эссанж АКШнын кысымына калдым деп эсептейт


Бүгүн ал Лондондо журналисттер алдында сөз сүйлөп, Wiki Leaks сайты жашыруун документтерди шардана кылган соң АКШнын "айрандай абийири төгүлдү" деп билдирди. Ага каршы америкалыктар баштаган тергөө-иликтөө иштери өтө жашырын жүрүп жатканын ал сынга алды. Эссанж өзүнө коюлуп жаткан айыптарды аны жаманатты кылуу ишинин бир бөлүгү катары четке какты. "Буга чейин алардын каралоо өнөктүгү дурус болду, эми мунун да ойрону чыкканы калды, анткени адамдар айтылган айыптар чын болсо, анда далилдер кана деп таң кылып жатышат". Эссанжды кечээ Лондон соту күрөөгө түрмөдөн бошоткон эле.

XS
SM
MD
LG