Жогорку Кеңештин кечээки отурумунда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева жакын арада техникалык өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңештин алдына келип өз иштери туурасында маалымат берерин, атайын докладдарын жарыя кылаарын билдирди. Мындан сырткары президент коалициялык өкмөттүн түзүлүшү, премьер-министр жана спикердин шайланышы менен бардык депуттарды куттуктады. Роза Отунбаева Кыргызстан демократиялык жараянга кадам таштап жатканын белгилеп, эл өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрүн жеке кызыкчылыктарын артка таштап иштөөгө чакырды.
Парламенттин 17-декабрдагы отурумунда өкмөттүн курамы бекитилип, премьер-министрликке Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Ахматбек Келдибеков шайланды. (KKs)
Парламенттин 17-декабрдагы отурумунда өкмөттүн курамы бекитилип, премьер-министрликке Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Ахматбек Келдибеков шайланды. (KKs)