Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Түштүк Корея чек арадагы машыгуусун аяктады


Бир жарым саатка созулган артиллериялык машыгуу чек арадагы Йонпхендо аралында өткөрүлдү. Түштүк Кореянын бул аралы 23- ноябрда Түндүк Кореянын артиллериялык аткылоосуна кабылган болчу. Бүгүнкү машыгуунун алдында бийликтер Түндүк Корея кайрадан ок ачышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам жеригиликтүү тургундарды башпаанектөөчү жайларга кирип турууну буюруду. Ошондой эле Түндүк Кореянын ыктымал чабуулунан коргонуу үчүн абага учактар көтөрүлдү. Түндүк Корея Йонпхендо аралынын айланасындагы сууларды өз аймагы катары эсептейт жана дагы машыгуу болсо жооп берерин эскертти. Мунун алдында жекшемби күнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши корей кризиси боюнча билдирүүнү кабыл алалбай койгон.

XS
SM
MD
LG