Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 13:50

Тажикстандын түрмөсүнөн качкандардын жетөөсү Ооганстандан кармалды


Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Комитеттин өкүлүнүн айтымында, кармалгандардын экөөсү Тажикстандын, үчөөсү Ооганстандын жараны, ал эми экөөсү кайсыл өлкөнүн атуулу экени ачыкталган жок. Быйыл 23-августа Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жакшы кайтарылган түрмөсүнөн 25 адам качып кеткен эле. Андан бери алардын 14ү кайра колго түшүрүлдү, үчөөсү жок кылынды.

XS
SM
MD
LG