Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Беларус президенти ыңкылапка жол берилбей турганын убада кылууда


Александр Лукашенко Минсктеги бүгүнкү басма сөз жыйында кечээги президенттик шайлоону коштогон нааразылык акцияларын “бандитизм” деп атады. Беларуста “ыңкылапка жана кылмыштуулукка” жол берилбесин эскертти. Бийликтерди шайлоону бурмалады деп эсептеген он миңдеген адамдар кечээ Минск шаарынын борбордук аянтына чогулуп, полиция аларды уруп –согуу менен тараткан.

Шайлоодо Лукашенкого каршы чыккан тогуз талапкердин жетөөсү жана жүздөгөн адамдар камакка алынды. ЕККУнун шайлоого байкоо салган миссиясы ал өлкө үчүн зарыл жаңы саясий башталыш боло алган жок деп эсептейт.

Миссия башчысы Тони Ллойд бүгүнкү маалымат жыйыны учурунда белгилегендей, добуштарды саноо учурунда айкындуулуктун жоктугу жана бийлик оппозицинын шайлоодон кийинки нааразылык акциясын күч менен басышынан улам шайлоого оң баа берүү кыйын:

-Зомбулук менен кол салуу, президенттикке талапкерлердин көпчүлүгүн, ага катар жүздөгөн активисттерди, журналисттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн камоо – эми бул шайлоого баа берүүдө эске алынуучу көрүнүштөр.

Президент Александр Лукашенко болсо өз тарабынан ЕККУнун тыянагын “аморалдуу” деп атады жана уюмдун соңку окуяларды шайлоодон бөлүп кароого акысы жоктугун белгиледи. Орус президент Дмитрий Медведев шайлоо Беларустун “ички иши” экенине токтолуп, Лукашенкону сындаган да, айыптаган да жок. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары Беларустун президенттик шайлоосуна мыйзамдуу деген баасын берди.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Минскте орун алган зордук-зомбулуктарды айыптап, өлкө бийликтерин камалгандарды тезинен бошотууга чакырды.

Кыргызстандык 20дай активист да бүгүн камоолорго нааразылык билдирип, Беларустун Бишкектеги элчилиги астында пикет өткөрүштү. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын ырастоосунда, шайлоодо жеңип чыккан Александр Лукашенко дээрлик 80% добуш алды.

XS
SM
MD
LG