Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:43

Ак үй START келишими сенатта бекитилет деп үмүт кылат


Президент Барак Обаманын басма сөз катчысы Роберт Гиббс келишим конгресс каникулга кеткенге чейин колго салынышы керектигин эске салды. Бу келишим Россия менен АКШ ортосунда узак мезгил талкууланып, акыры быйыл апрелде Прагада эки өлкөнүн президенттери кол коюшкан. Аны ратификациялоо үчүн сенаторлордун үчтөн экиси колдоп добуш бериши керек. Конгрессте республикалык партиянын бир катар өкүлдөрү келишимге түзөтүү киргизгенге аракет кылышты. Дүйшөмбү күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келишимди оңдоп-түзөгөнгө болбой турганын эскертти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG