Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Президент Р.Отунбаева Түркияда өтө турган саммитке катышат


Экономикалык кызматташтык уюмунун 11-саммитине катышуу үчүн президент Роза Отунбаева баштаган делегация бүгүн Стамбулга учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Каназаров кабарлады. Саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык жактан кызматташуусу, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси талкууланат.

Бүгүн президент Роза Отунбаеванын Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Кыргыз тараптан делегациянын курамында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Тышкы иштер министринин жана Экономиканы жөнгө салуу министрлеринин стат-катчылары Асеин Исаев менен Толкунбек Абдыгулов бар. Экономикалык кызматташтык уюмунун 11-саммити эртең башталып, эки күнгө созулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG