Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Москвада жараат алган мигранттын аты-жөнү тактала элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин юристи Алмаз Абдысияев бүгүн кабарлады. Анын айтымында, кол салууга дуушар болгон кыргызстандык атуулдун кимдиги жана кайсы ооруканада жатканын аныктоо иштери уланууда.

20-декабрда кечинде көчө шыпырып акча тапкан кишиге белгисиз бирөөлөр кол салып, пневматикалык куралдан көзгө атышкан. Бул маселени иликтеп жаткан райондор аралык прокуратурага элчиликтин юристтери кайрылышты. Азырынча алардан жооп боло электигин, окуянын чоо-жайы териштирилип жаткандыгын А.Абдысияев кошумчалады.

11-декабрда Манеж аянтында улутчул маанайдагы жаштар менен футбол күйөрмандарынын тополоңунан кийин Москвадагы мигранттардын коопсуздугу кыл учунда турат. 12-декабрда улутчул маанайдагы топтун кол салуусунан 37 жаштагы кыргызстандык мигрант Алишер Шамшиев мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG