Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Орусияда оппозиция лидерлери В.Путинди сотко берди


Каттоодон өтпөгөн «Элдик эркиндик» партиясынын тең төрагалары Борис Немцов, Владимир Милов жана Владимир Рыжков Москванын Савелев сотуна премьер-министр В.Путинди жалган жалаа жапканы үчүн миллион рублга айыпка жыгууну өтүнгөн арыз жөнөттү.

16-декабрда В.Путин сыналгыдагы түз байланышта элдин суроосуна жооп берип жатып оппозиция лидерлери Б.Березовский менен чогуу миллиарддаган акча уурдашканын айтып, "эми алар кайрадан бийликке келип, өз чөнтөктөрүн толтурууну каалап жатышат",-деп жооп берген.

Оппозиция лидерлери В.Путинден жана түз байланышты уюштурган "Орусия 1" үналгысынан бул маалыматты расмий төгүнгө чыгарууну талап кылууда.

Ал эми «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты Сергей Марков В.Путин эч кимге жалган жалаа жапкан жок, ал болгону өзүнүн саясий ынанымын гана билдирди деп өз өкмөт башчысын актады.

XS
SM
MD
LG