Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Июнда набыт болгондордун макамы тууралуу өтүнүч айтылды


Июнь коогалаңында жакындарын жоготкондор өкмөттөн маркумдардын макамын 7-апрелде Ала-Тоо аянтында набыт болгондордуку менен теңдештирүүнү өтүнүштү. Мындай өтүнүч бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Ошко иш сапары менен барган маалда айтылды.

Премьер-министр менен жолугушуу маалында “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана коогалаңда жабыркагандар тергөө иштерине нааразылыгын билдиришип, соттор айыпталуучуларга айрым учурларда өтө жумшак чечим чыгарып жатканын айтышты.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев тиешелүү мамлекеттик структураларга июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондордун балдарынын окуу акысы мамлекет тарабынан кезек менен төлөөгө, коогалаңда каза тапкандардын жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнө 500 миң сомдон жөлөкпул берүүгө каражат табууну тапшырды. Алмазбек Атамбаев июнь коогалаңында дайынсыз жоголгон 23 кишинин үй-бүлөсүнө турак-жайы берилиши керектигин айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG