Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Июнь окуясы иликтеген Улуттук комиссиянын корутундусу даяр болду


Бул туурасында июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон окуялардын себептерин жана кесепеттерин иликтеп, сунуш иштеп чыгуучу Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү кечээки жыйынында иликтөөнүн акыркы жыйынтыктарын чыгарып, бир бүтүмгө келишти. Ушул тапта техникалык гана майда маселелер калды. Натыйжада комиссия келе жаткан жуманын шаршемби күнү президентке жана Жогорку Кеңешке өз корутундусун тапшырууну көздөөдө. “Ар кыл улут өкүлдөрүнөн куралган комиссия июнь окуяларына объективдүү баа берди. Комиссиянын корутундусунда керек болсо мамлекеттик айрым кызматкерлер да сынга алынат.” – деди Жыпар Жекшеев.

Алгач 30 кишиден түзүлгөн Улуттук комиссия өз ишин август айында баштап, иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жылдын сентябрына чейин белгилүү болоорун билдирген. Бирок өлкөдөгү соңку саясий кырдаалдарга байланыштуу жыйынтык кечеңдеп кеткендиги маалым болгон. Буга чейин комиссиянын мүчөлүгүнөн Александр Князев, Азиза Абдрасулова баштаган бир катар коомдук ишмерлер чыгып кеткен. Алардын айрымдары комиссиянын объективдүүлүгү күмөн туудурарын билдиришкен эле. Ушул тапта Улуттук комиссиянын курамы 24 кишиден турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG